“Кыргызстан медиаларынын аракет платформасынын” коомдук талкууга коюлган “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоору тууралуу

КАЙРЫЛУУСУ


Курамына 68 журналист жана медиа уюмдар кирген “Кыргызстан медиаларынын аракет платформасы” Кыргыз Республикасынын Президенттик администрациясынын Маалыматтык саясат кызматы сунуш кылып, коомдук талкууга койгон “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун тынчсыздануу менен кабыл алды жана бул мыйзам долбоору Кыргызстандагы сөз эркиндигине басым жасай турган кезектеги мыйзам болуп калат деген чочулоосун билдирет.
Президенттин Администрациясы бул мыйзам долбоорунун демилгесин 1992-жылдын 2-июлундагы “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндөгү” азыркы колдонулуп жаткан мыйзам “моралдык жактан эскирди” деп түшүндүрүүдө. Алардын пикиринде, “колдонуудагы мыйзамдын укуктук ресурсу түгөнүп, азыркы коомдун реалдуулугуна ылайык келбейт, ошондуктан жаңы Мыйзамды кабыл алуу зарылдыгы келип чыкты” деп билдирүүдө.
Бул мыйзам долбоорунда Кыргыз Республикасынын жарандарына көптөгөн маанилүү маселелер боюнча маалыматтын жеткиликтүүлүгү чектеле турган нормалар камтылган.
1992-жылы кабыл алынып, бүгүнкү күнгө чейин иштеп келе жаткан мыйзамга бир катар өзгөртүүлөр киргизилген жана учурда ал мыйзам өзгөртүүлөргө муктаж эмес экендигин ЖМК жөнүндө мыйзамдарга карата жүргүзүлгөн инвентаризациянын жыйынтыгы көрсөттү. Бул инвентаризацияны КР Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы Жарлыгына ылайык жумушчу топ КР Юстиция министрлиги иштеп чыккан методологияга ылайык жүргүзгөн.
Веб-сайттарды жалпыга маалымдоо каражаттарынын түрү катары кошпосо, алардын ишмердүүлүгүн жөнгө салуу мүмкүн болбой жатат деген негиздеме суу кечпей турганын билдиребиз. Себеби, буга чейин интернет басылмалары жоопко тартылып келген мисалдар толтура.
ЖМК жөнүндөгү мыйзам долбоорунун талаптарына ылайык, бардык ЖМКлар 2023-жылдын 1-июнуна чейин кайрадан каттоодон өтүүгө милдеттүү экени, белгиленген мөөнөттө каттоодон өтпөсө, ал ЖМКлар жоюлду деп табылары көрсөтүлгөн. Бул талап бийликке жакпаган медиаларды электен өткөрбөй, каттабай коюуга мүмкүнчүлүк берип калат.
Мисалы, “эгерде жалпыга маалымдоо каражатынын аталышы, болжолдуу тематикасы жана (же) адистештирүүсү массалык маалыматтын эркиндигин кыянаттык менен пайдаланууга жол берип жатса”, бул каттоодон баш тартууга жүйө болуп бере алат. Каттоочу орган аталышы же тематикасы боюнча эле жалпыга маалымдоо эркиндигин кыянаттык менен пайдалануунун белгилери бар экендигин кантип аныктай турганы, мыйзам долбоорунун демилгечиси ЖМКнын адистештирүүсү деген терминди кантип чечмелеп жатканын белгисиз.
Мындай бүдөмүк нормалар ЖМКны каттоочу органдар өз билемдик менен иш алып баруусуна жол ачат.
Бул мыйзамды жөнгө салуу органдары катары Юстиция министрлиги менен Башкы прокуратуранын аныкталып жатканы бийликке ыңгайсыз болгон, курч журналисттик иликтөөлөрдү жасаган медиалардын укуктарын чектөө үчүн алдын ала даярдалган аракет деп баалайбыз.
Жалпыга маалымдоо каражаттарынын, медиалардын, журналисттердин эркин болушу демократиялык коомдун негизи болуп саналат. Эркин маалымат каражаттарынын күчү Кыргызстан башынан бир канча ирет өткөргөн куралдуу агрессияда билинди. Күчтүү маалымат каражаттары мамлекеттин коопсуздугу үчүн абдан маанилүү фактор экени дагы бир жолу бышыкталды.
Сөз эркиндигин чектеген бир дагы мамлекет өнүгүп кеткен эмес! КР Президентинин Администрациясы медиа коомчулуктун үнүн угуп, аталган мыйзам долбоорун чакыртып алуусун сунуштайбыз.
Made on
Tilda