7-мартта Жогорку Кеңеште чет мамлекеттердин парламенттери менен кызматташуу боюнча депутаттардын тобу түзүлгөн. Достук топтору мамлекеттерге жараша 32ге бөлүнүп, ага жетинчи чакырылыштын депутаттары мүчө болгон.
“ПолитКлиника” медиасы депутаттардын кайсы мамлекеттердин достук тобуна мүчө болгонун анализдеп көрдү.
Достук топтору жана мүмкүнчүлүктөр
2022-жылы 20-октябрда Жогорку Кеңештин регламенти бекитилген. Регламенттин 30-бөлүгүндө ЖКнын депутаттарынын чет мамлекеттердин парламенттери менен болгон кызматташуусу тууралуу пункт бар.
Ага ылайык, достук топторуна кирген депутаттар төмөндөгүдөй мүмкүнчүлүктөргө ээ болушат:
· Жогорку Кеңештин депутаттары мамлекеттик, парламенттик, өкмөттүк жана башка делегациялардын курамында, ошондой эле жеке чакыруулар боюнча эл аралык жана парламенттер аралык кызматташтыкка катышат (144-берене 2-пункт);
· Чакыруулардын негизинде эл аралык келишимдерге, макулдашууларга, программаларга ылайык депутаттын жакынкы жана алыскы чет өлкөлөргө чыгуусу тармактык комитеттин чечими боюнча төраганын тескемесине ылайык жүзөгө ашырылат. Бардык чыгымдарды чакырып жаткан тараптын төлөөсү менен жекече чакыруу боюнча депутаттын чет өлкөгө иш сапарга чыгуусу регламент боюнча каралат (147-берене 3-пункт).
Башкача айтканда, чет өлкөнүн парламенттери менен достук группага кирген депутаттар ошол өлкөгө баруу жана кызматташтыктарга катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Ал эми чыгымдар болсо Жогорку Кеңеш же чакырган өлкө тарабынан төлөнөт.



Депутаттардын тизмеси
АКШ менен Канаданын достук тобуна киргендер көп
Жогорку Кеңештин депутаттары чет мамлекеттердин парламенттери менен кызматташуу боюнча бир канча топко мүчө болуу мүмкүнчүлүгү бар. Мисалы, жетинчи чакырылыштын депутаты Адахан Мадумаров Орусия, Түркия, Украина, Өзбекстан жана Казакстандын достук топторуна мүчө болгон.
Ошол эле учурда достук группага кирген мамлекеттерге жараша депутаттардын саны өзгөргөн.
Мисалы, Аргентина, Пакистан, Афганистан сыяктуу мамлекеттердин достук тобуна мүчө болгон депутаттар жок.
Ал эми 32 топтун ичинен АКШ менен Канаданын достук тобуна 62 депутат мүчө болгон. Бул достук топторунун арасындагы эң жогорку көрсөткүч. Мисалы, Түркиянын парламенти менен болгон кызматташуу тобуна 46, Кытайга 46, ал эми Орусиянын достук тобуна 50 депутат мүчө болгон.
“Батыш бузуку” деген депутаттар АКШ менен батыш өлкөлөрүнүн достук тобунда
АКШ жана Канада менен достук тобун Эмил Токтошев жетектейт, анын орун басары Айбек Маткеримов.
АКШ жана Канаданын парламенттери менен кызматташуу боюнча топко киргендерди анализдеп көргөндө, арасында Кошмо Штаттардын саясатына жана анын Кыргызстанга болгон мамилесине көптөн бери негативдүү пикирин билдирип жүргөндөрдү көрүүгө болот.

Надира Нарматова
1. Надира Нарматова
“Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын депутаты Надира Нарматова чет мамлекеттердин парламенттери менен кызматташуу боюнча топтордун арасынан АКШ, Канада, Италия, Швейцария, Жапония, Австралия, Жаңы Зеландия жана Иран менен кызматташтык топторуна кирген.
Белгилүү болгондой, Надира Нарматова Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдарды жана көз карандысыз медиаларды эң көп сындаган депутаттардын бири. Ал “батыш Кыргызстанга туура эмес идеология жайылтуу менен бирге бузуп жатканын” буга чейин айтып келген.
Нарматова 2022-жылы батыш идеологиясы Кыргызстанга ЛГБТ коомчулугунун жайылышына шарт түзүп жатканын айткан. Ошондой эле, ал 2014-жылы АКШ элчилиги (USAID) колдоо көрсөткөн көргөзмөнүн жабылышын талап кылган.
Мындан сырткары, Нарматова 2022-жылдын февраль айында “Чет өлкөлүк агенттер” тууралуу мыйзамды кабыл алууну сунуштаганы менен белгилүү. Аталган мыйзам долбоору буга чейин 2014-жылы Турсунбай Бакир уулу, Надира Нарматова жана Нуркамил Мадалиев тарабынан да демилгеленген эле. “ПолитКлиника” депутат Надира Нарматова демилгелеген “Чет өлкөлүк агент” мыйзам долбоорунун мазмунун анализдеп, мыйзам долбоору Орусиянын дал ушундай эле мыйзамынан көчүрүлүп алынганын аныктаган.
Ошондой эле, “ПолитКлиника” Ош шаарындагы Орусиянын консулдугунун имараты Надира Нарматовага таандык экендигин дагы аныктаган эле.

Шайлообек Атазов
2. Шайлообек Атазов
“Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын дагы бир депутаты Шайлообек Атазов чет мамлекеттердин парламенттери менен кызматташуу боюнча АКШ, Канада, Норвегия, Швеция, Дания, Финляндия, Түркия, Кытай жана БАЭ менен кызматташтык топторуна мүчө болгон.
Депутат Надира Нарматова сыяктуу Шайлообек Атазов да чет өлкөдөн каржыланган бейөкмөт уюмдар жана ЖМКлар Кыргызстандын улуттук баалуулуктарына доо кетирип жатканын айтып келет.
Атазов Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин 5-апрелдеги жыйынында АКШнын Кыргызстандагы мурдагы элчиси Дональд Лу өлкөнүн ички иштерине кийлигишип, Кыргызстандын жарандарынын укуктарын бузуп жатат деп айыптаган.
Белгилей кетсек, депутат Шайлообек Атазов ири өлчөмдөгү коррупцияга айыпталган Райымбек Матраимовдун тарапташы. 2019-жылы “Азаттык радиосу”, Kloop медиасы жана “Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору” (OCCRP) “Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо”, “Көмүскө акча ташыгандар кербени” деген журналисттик иликтөөлөрдү жарыялашкан. Аталган иликтөөнү журналист Али Токтакунов алып барганы үчүн Шайлообек Атазов 2021-жылы Фейсбуктагы баракчасына “АКШлык кожоюндарыңдан акча алып, Райымбек Матраимовду каралап жатасың” деген билдирүүнү да бөлүшкөн.

Улан Примов
3. Улан Примов
“Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын депутаты Улан Примов башка өлкөлөр менен болгон достук багыттагы топтордун арасынан Орусия, АКШ, Канада, Германия, Кытай жана БАЭ менен кызматтыштык топторуна мүчө.
Депутат Улан Примов батыш өлкөлөрү же АКШнын саясаты тууралуу ачык негативдүү билдирүүлөрдү калтырган эмес.
Бирок 2020-жылы бейөкмөт уюмдарга каршы сунушталган мыйзамдын демилгечилеринин бири болгон.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда 12 миңге жакын бейөкмөт уюм бар. Изилдөөгө ылайык, Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдардын 43%га жакыны жакырчылык менен күрөшүү, 42%га жакыны адам укуктары жана 17,1%ы гендердик маселелер жана башка багыттар боюнча иш алып барышат.
Жыйынтык: АКШнын жана батыш өлкөлөрүнүн саясатын негативдүү баалаган Жогорку Кеңештин депутаттары бул өлкөлөр менен “достук тобуна” киришкени чындык. Регламентке ылайык, депутаттар тандаган өлкөлөрүнө мамлекеттик иш сапар менен баруу мүмкүнчүлүгүнө ээ.