Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун “Азаттыктын” ЖМК катары ишин токтотуу тууралуу чечими сөз эркиндигине болуп көрбөгөндөй кысымдын жыйынтыгы

Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун “Азаттык Медианын” ЖМК катары ишин токтотуу жөнүндө чечими КР Конституциясына, КР мыйзамдарына жана өлкөбүздүн пикир билдирүү жана маалыматка жетүү эркиндиги жаатындагы эл аралык милдеттенмелерине карама-каршы келет, себеби чечимде анын зарылдыгына жана өлчөмдөштүгүнө жүйө келтирилген эмес.
“Азаттык Медианы” бир гана берүүсүндө согушту, зомбулукту жана ырайымсыздыкты, улуттук, диний обочолонууну, башка элдерди жана улуттарды жек көрүүнү үгүттөөгө айыптоо аракети акылга сыйбаган көрүнүш. Согушка үгүттөө куралдуу жаңжалды тутандыруу үчүн идеяларды жана көз караштарды атайылап, системалуу түрдө жайылтуу болуп саналат. Ал эми башка элдерге жана улуттарга сабырсыздык зомбулукка, басынтууга чакыруулар менен шартталып, же кайсы бир улуттун, элдин башкалардан өзгөчөлөнөрү жөнүндө маалыматты таратуу менен туюндурулууга тийиш. Бирок мындай маалыматты “Азаттык Медиа” редакциясы тараткан эмес. “Настоящее время” берүүсүнүн сотто каралган материалында журналисттер болгону эки өлкөнүн расмий мамлекеттик органдарынын маалыматын гана айтышкан. Мындай практика иштин кесипкөй стандарттарына шайкеш келет, мында маалымат эки тараптын тең жүйөлөрүн берүү менен чогултулат. Мындан тышкары, Маданият министрлиги өзү да доо арызында “Азаттык Медиа” кыргыз тарап Тажикстандын чек ара кызматынын басма сөз кызматы жарыялаган маалыматты четке какканын белгилеген.

Белгилей кетчү нерсе, сотко өткөн материалдан тышкары 2022-жылдын 13-сентябрынан 17-сентябрына чейин “Азаттык Медианын” командасы Тажикстан менен чек арадагы кырдаалдын айланасында 50дөн ашык материал даярдап, журналисттер болуп жаткан окуялар тууралуу чындыкты жеткирип турушкан. Бул контексттен алганда, иликтөө жүргүзүү жана фактыларды текшерүү боюнча кесиптик квалификациясын такай жогорулатып жаткан биздин журналисттер эл аралык коомчулук үчүн ишенимдүү маалымат булагы болуп калышты, алар биздин журналисттердин материалдарын колдонуп, алар берген сүрөттөргө жана видео фактыларга ишеним артышкан. Бул маалыматты 2022-жылдын ноябрында АКШнын Кыргызстандагы Убактылуу ишенимдүү өкүлү Соната Коултер да тастыктап, журналисттер Баткен облусундагы жаңжал чыккан аймактан даярдаган кесипкөй репортаждары менен маалыматтык согушта жеңишке жеткенин билдирген. Эки тарап жаңжалдашкан шартта өлкөдө күч-кубаттуу, көп кырдуу, кесипкөй мамлекеттик эмес ЖМКлардын болушу өтө баалуу актив. Бул актив чек арадагы чыныгы кырдаал жөнүндө дүйнөлүк аудиторияга чындыкты жеткирүүгө жөндөмдүү болуп берет. Дал ушундай улуттук коопсуздукка коркунуч жаралган учурда эркин, кесипкөй, жоопкерчиликтүү мамлекеттик эмес ЖМКлардын болгону өтө маанилүү экендигин кайрадан белгилегибиз келет, себеби чындыкты издөө максатында кесиптик стандарттарды сактоо берилип жаткан маалыматка ишенимди камсыз кылат.

Ушуга байланыштуу “Азаттык Медиасын” жабуу боюнча мамлекеттик органдардын бул иш-аракеттери улуттук кызыкчылыктар көз карашынан алганда зыяндуу аракеттер болуп жатат. Редакция өзүнүн 30 жылдан ашык ишинде буга чейин болуп көрбөгөндөй кысымга биринчи жолу кабылууда. Алсак, “Туура эмес (жалган) маалыматтардан коргоо жөнүндө” мыйзамда каралгандай арыз болбой туруп, Маданият министрлигинин чечими менен сайттын иши токтотулган; КР Финансылык чалгын кызматынын табышмактуу чечими менен “Азаттык Медиа” редакциясы Кылмыштуу кирешени адалдаштырууга катышы бардыгы тууралуу маалыматы бар адамдардын, топтордун жана уюмдардын тизмесине киргизилген; “Азаттык Медианын” банктагы эсептери тоңдурулган; КР УКМК “Азаттыкка” карата кылмыш ишин толугу менен жашыруун жүргүзүүдө, мында соттун чечими болсо да процесске тиешелүү айрым документтер менен таанышууну талап кылуу өтө кыйынчылык менен ишке ашууда. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун токтому менен “Азаттык Медианын” банктагы эсеби бөгөттөлгөн.

Кыргызстанда “Азаттыктын” жабылышы ансыз да чабал демократиябызды өтө маанилүү активден ажыратууда, бул медиа мамлекетти башкаргандардын жоопкерчилигин жогорулатып, кызматынан кыянаттык менен пайдаланууга жол бербөө максатында 30 жылдан бери коррупция тууралуу журналисттик иликтөөлөрдү, социалдык маанилүү репортаждарды чыгарып келген Кыргызстандагы өзөктүү маалымат каражаттарынын бири болгон. Биз бийликти “Азаттык Медиасына” болуп көрбөгөндөй кысымды токтотууга, сайттын ишин жандандырууга, кылмыш куугунтугун токтотууга, эсепке коюлган бөгөттү алып салууга чакырабыз.

“Медиа Полиси Институту” Коомдук фонду
Журналисттердин көз карандысыз союзу
“МедиаКонсалт” Коомдук фонду
Журналисттик иликтөөлөр фонду
Сабыр Абдумомунов
“24.kg” маалымат агенттиги
Kaktus.media редакциясы жана Kaktus.kg
Дилбар Алимова, “ПолитКлиника” редакциясы
Аделя Лаишева
Авланбек Джумабаев
“Апрель” редакциясы
“Некст-ТВ” телеканалы
“Арча Медиа” редакциясы
Дмитрий Ложников
Диля Юсупова, Kaktus.Media
Марина Мирошник, Kaktus.Media
Марат Токоев
Лейла Саралаева, журналист
“Новые лица” редакциясы
Ярослав Тартыков, журналист
Factcheck.kg редакциясы
Тамара Валиева
Тынымгуль Эшиева
Салима Капар
Анна Капушенко, Kloop.kg, башкы редактор
Ислам Розиев, Kloop
Бегайым Талантбекова, Kloop
Нурдин Дуйшенбеков, “Журналисттер” Коомдук бирикмеси
“Медианы өнүктүрүү борбору” Коомдук фонду
Махинур Ниязова, “24.kg” маалымат агенттиги
Асель Сооронбаева, Чекит Медиа
Айгул Сторожук