Урматтуу кесиптештер!


Өлкөбүздүн медиа тармагынын экиге бөлүнүүгө бараткан коркунучтуу абалын баарыбыз тынчсыздануу менен байкап турабыз. Алысты көрө албаган, өз кызыкчылыктарын гана ойлогон аткаминерлердин көрсөтмөсү менен, ЖМКда иштеген журналисттер өз кесиптештерине каршы миллиондогон сомдук доо арыздарды бере башташты.
Январь айында «Вечерний Бишкек басма үйү” жабык акционердик коому Kaktus. mediaны сотко берген. Доонун суммасы 50 миллион сомду түзүп, доогерлер анын 25 миллионун журналист Диля Юсуповадан, башкы редактор Наталья Тимирбаевадан жана негиздөөчү Дина Масловадан талап кылышууда. Доо арыз жазууга себеп “Вечерний Бишкектин” жабылышы жана банкрот болушу тууралуу коомчулукка белгилүү маалымат болгон.
Февраль айында ЭлТР мамлекеттик телеканалы “ПолитКлиника” көз карандысыз маалымат порталын сотко берген. Доонун суммасы 10 миллион сомду түзүп, анын 3 миллионун телеканалдын жетекчилиги журналист Тыныстан Асыпбектен талап кылууда. «ПолитКлиниканын» болгон күнөөсү – анын иликтөөчү журналисттери өлкөнүн энергетика тармагына кредиттик каражаттарды сарптаганы боюнча ачык булактардан алынган маалыматтарды жарыялаганында.
Сотко арыз берүүгө олуттуу негиздердин жана “Вечерний Бишкек” менен ЭлТР редакцияларынын өздөрүндө жүйөлүү себептердин жоктугу - миллиондогон доо арыздардын чыныгы демилгечилери бийликте экенин көрсөтүп турат. Дал ушулар көз карандысыз ЖМКларды жабуу же кесипкөй журналистиканын объективдүү жана ишенимдүүлүк принциптеринен баш тартуу максатында аларга сот аркылуу басым көрсөтүү аракетин токтотпой келе жатышат.
Мындан тышкары, жалпыга маалымдоо каражаттарына кысым көрсөтүү үчүн журналисттерди журналисттерге, редакцияларды редакцияларга каршы тукуруп, алардын өздөрүнүн колу менен сөз эркиндигин басуу жана журналисттердин көз карандысыз болуу укугунан ажыратуу үчүн, булганыч технологиялар колдонула баштады. Мындай карама-каршы коюу технологиялары соцтармактардын кыргыз сегментинде буга чейин эле иштеп келген жана алардын кейиштүү кесепеттерин бүгүнкү күндө көрүп жатабыз. Тролль фабрикаларынын жетекчилери жана аларга баш ийгендер ыплас технологияларды тартынбастан колдонуп, кастык тилин кеңири жайылтып, анын кесепеттерине миңдеген жарандарыбыз дуушар болду.
Кыргызстандын журналистикасынын тарыхында жалпыга маалымдоо каражаттарына жана журналисттерге карата адилетсиз доо арыздар жана сот чечимдери боюнча көптөгөн фактылар белгилүү. Сотторго президенттер, аткаминерлер жана саясатчылар берип келишкен. Алар тарапта акча, бийлик, мансап, соттун мантиясы, көшөгө артындагы байланыштар жана телефон аркылуу буйрук берүүлөр болуп келген. Буга чейин ЖМК жана журналисттер миллиондогон төлөмдөргө жана айыптарга өкүм кылынган. Бирок алар биздин кесипти тебелеп, журналисттерди өз кесиптештерин куугунтуктоочуларга айландыруу колдорунан келген эмес.
Кесиптештер! Журналисттер! Саясатчылардын ыплас оюндарына аралашуудан алыс бололу! Алар силердин жардам жана катышуу жок эле каалаганын жасай алышат. Силердин колуңар менен өлкөбүздө сөз эркиндигине тыюу салууга аракет кылып жаткандарга каршы тургула. Кесиптештериңерди куугунтуктаган бийлик төбөлдөрүнүн колундагы куралы болуп калбагыла. Режимдер кыска мөөнөттүү экени белгилүү. Алардын силерди булгап салуусуна жол бербегиле!