19-майда “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга жана “Кылмыш-жаза кодексине” түзөтүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору коомдук талкууга
коюлду. Мыйзам долбоорун Надира Нарматова, Шайлообек Атазов, Шайырбек Ташиев баштаган Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары алып чыгышкан.
Эксперттердин пикиринде аталган мыйзам долбоору:
- коммерциялык эмес уюмдарды каттоо процедурасын өзгөртүүгө;
- мамлекеттик органдар тарабынан кошумча көзөмөлдү киргизүүгө;
- “чет элдик өкүл” түшүнүгүн киргизүүгө;
- жарандардын жекелигине жана укуктарына шек келтирген коммерциялык эмес уюмдар менен «чет элдик өкүлдөргө» кылмыш жоопкерчилигин белгилөөгө багытталган.
Юристтер аталган мыйзам долбоорунун демилгечилери коммерциялык эмес уюмдарга чет элдик өкүлдүн милдетин аткаруучу коммерциялык эмес уюм жана өлкөнүн саясий ишмердүүлүгүнө кийлигишип жаткан уюм катары жаңы укуктук статус киргизип жатканын
белгилешет. Анткени сөз болуп жаткан мыйзам долбооруна ылайык, эл аралык уюмдардан, чет мамлекеттерден жана алардын мамлекеттик органдарынан, чет өлкөлүк жарандардан каражат алып, Кыргызстанда ишмердүүлүгүн жүргүзгөн коммерциялык эмес уюмдар “чет элдик өкүлдүн милдетин аткарган коммерциялык эмес уюм” болуп саналат.
Ал эми саясий акцияларды уюштурууга жана өткөрүүгө катышкан коммерциялык эмес уюмдардын аракети өлкөнүн саясий ишмердүүлүгүнө кийлигишүү катары бааланат.
Юристтер бул норма өлкөнүн Баш мыйзамына каршы келерин айтышууда.
Ошондой эле алар аталган мыйзам долбоорунда коммерциялык эмес уюмдарды көзөмөлдөө үчүн бийлик органдарына өтө кеңири мүмкүнчүлүктөрдү берерин
белгилешкен.“Адилет” укуктук клиникасынын юристтери дагы сунушталып жаткан мыйзам долбооруна кеңири анализ жүргүзүп, анда өлкөнүн Баш мыйзамы жана эл аралык укуктук документтер менен корголгон адам укуктары менен биригүү эркиндигине карата “катаал укуктук көзөмөл” киргизилгенин
билдиришти.