Медиа коомчулук жана жарандык коом өкүлдөрүнүн

БИЛДИРҮҮСҮ



КРнын президенти Садыр Жапаров Европа парламентинин чет өлкөлүк иштер боюнча комитетинин төрагасы Дэвид Макаллистербаш болгон делегациясы менен жолугуп, достукту жана кызматташтыкты бекемдөө жөнүндө сөз кылып жаткан күнү, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Шакиев Европарламенттин өкүлдөрү менен адам укуктары жана сөз эркиндиги жөнүндө сүйлөшкөн күнү журналист жана жазуучу Олжобай Шакирсоциалдык тармактарда постторду жарыялаганы үчүн эле УКМКнын тергөө изоляторуна 2 айга камакка алынды.

Олжобай Шакирге КР КЖКсынын «Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө жана жапырт баш аламандыкка чакыруу» деген 264-беренесинин 3-бөлүгү боюнча айып коюлду. Кылмыштын курамы журналист «Facebook», «TikTok» жана «YouTube» аркылуу өз баракчаларында 2023-жылдын 31-августунда Өзбекстанга 4 пансионаттын өткөрүлүп берилишине каршы чыгып, элдин алдында бийликтин отчетун талап кыла турган митингге чакырганында экен.
КРнын Конституциясы жана Адам укуктарынын жалпы декларациясы кыргызстандыктардынэркин пикир билдирүү жана тынч жыйындарды эркин өткөрүү укуктарын бекемдеген. Бирок укук коргоо органдары жарандардын мыйзамдуу талаптарын «бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө жана жапырт баш аламандыкка чакырууну камтыган чагымчыл басылыш» катары чечмелөөдө. Бийликтин айкындуулугун жана отчеттуулугун талап кылган жарандар кармалып, тергөө изоляторлоруна камалууда. Ал эми эркин ЖМКларды өрттөп кетерин айтып коркуткандарга болсо дегеле эч кандай чара көрүлбөй жатат.
Белгилүү болгондой, Кыргызстанда эркин ЖМКларга: «Азаттыкка»,«Кактуска» жана«Клоопко» каршы бир нече митинг уюштурулуп, аларда бул редакцияларды жаап эле тим болбостон, өрттөп салууга да үндөгөн чакырыктар болгон. Мисалы, 2022-жылдын октябрында митингчи «Азаттыктын» редакциялык имаратын бензин куюп өрттөп саларын айтып коркуткан. Ошол эле киши «Азаттык», «Клооп» жана «Кактус» басылмаларынын журналисттерин опузалаган. Бирок ага каршы кылмыш иши козголгон да эмес, ал жоопко тартылган да эмес.
Жарандар ыңгайсыз суроо бербеши үчүн, тынч митинг өткөрбөшү үчүн жана бийликтен эл алдындагы милдеттерин аткарууну талап кылбашы үчүн бийлик мыйзамды журналисттерге, укук коргоочуларга, жарандык активисттерге каршы жазалоочу курал кылып алды.
Медиа жана жарандык коом өкүлдөрү бийликтин аракеттерине кыжыры келип жатат. Биз Олжобай Шакирге каршы ачылган мааниси жок ишти жабууну, ага коюлган айыптарды алып салууну жана анын эркиндикке кое берүүнү талап кылабыз!
Ошондой эле биз жарандардын сөз эркиндигине, тынч жыйындарды өткөрүү укугуна кепилдик берген Кыргыз Республикасынын Конституциясын аткарууну талап кылабыз.
Кол койгондор:
Махинур Ниязова,
Дарья Подольская,
Асел Оторбаева,
«24.kg» МА
Семетей Аманбеков,«Bulak.KG»
Асел Сооронбаева, «Чекит.медиа»
Аделя Лаишева, медиа эксперт
Тамара Валиева, КРнын медиа аракеттер платформасынын төрайымы, ЖМКга каршы арыздарды кароо комиссиясынын төрайымы
Назира Жусупова, Жамааттык ЖМКлар ассоциациясы
Гладис Темирчиева, «Vesti.kg» жана
Иликтөө журналистикасынын фонду
Аскер Сакыбаева, журналист
Авланбек Жумабаев, медиа кеңешчи
Кайыргүл Урумканова,«GovoriTV» ММА
Лейла Саралаева, КР ЖКнын депутаттыгына талапкер, «Новые лица» басылмасынын башкы редактору
Нургүл Абдыкеримова, «Медиа өнүгүү борбору»
Нургүл Шаршембиева, «Журналисттер үйү» КБ, Каракол ш.
Өмүрбек Сатаев, журналист
Адил Турдукулов,«ТВ Академия»
Эркина Убышева, ОЮЛ «Ассоциация Смарт Жаран»
Бакыт Сатыбеков,«Жарандык демилгелерди сүрөө альянсы» КБ
«Өнүгүүгө расмий жардам берүү форуму» КБ
Айзат Русланова, «Борбор Азиядагы дебаттардын эл аралык билим берүү ассоциациясы» КФ
Азиза Абдирасулова, укук коргоочу
Булат Сатаркулов, «Поколение 21» КФ
Марат Токоев, журналист
Жылдызбек Керимбаев,«Bulak.KG»
Дильбар Алимова "Политклиника"
Динара Ошурахунова, укук коргоочу
Гульгакы Мамасалиева, укук коргоочу
Акылбек Ташбулатов, укук коргоочу